Жумалык (02.11.20 – 07.11.20) (видео)

1511

Кыргызстандан кымырылып чыгарылган миллиарддар. 95 миллиард сом боюнча кылмыштуу схеманын бети ачылды. Аскар Акаевдин бийлиги учурунда уурдалган 1 миллиард доллар кредитти мамлекет эмдигиче төлөп келет. Кылмышка шектүүлөрдүн аты жөнү ачыктала элек.

Отставкалар уланууда. Жетекчини бат-баттан алмаштыруу жагынан парламент дагы четте калган жок. Бир айда үч жолу спикер шайланды. Эң көп сынга кабылган чакырылыш эң узак иштемей болду.

Элдик толкундоолорго темир тосмолор дагы себеп болду беле? Ак үйдүн айланасы тазаланды. Муну бийлик менен элдин ортосундагы тоскоолдукту алып салуу деп баалашты. Эми жарандарга Ак үйгө кирип чыгуу жеңилдейби же кайтаруу күчөтүлөбү?

Кыргызстанда жаштар саясаттагы ордун таба алдыбы? Бийлик жаштардын колуна тийди деп айтууга болобу? Азыркы муундун өкүлдөрүнүн ар тармактагы жетишкендиктери. Жаштар бийликке гана умтулбастан, ишкерликте, илимде дагы ийгиликти багындыргандары.