Жумалык (03.09.18 — 08.09.18) / Өткөн Жуманын Негизги Жаңылыктары

814

Көчмөндөр ойноп бүтүштү! Үч оюнду катары менен өткөргөн Кыргызстан, эми кезекти Түркияга өткөрүп берди. Көчмөндөр Олимпиадасы эми өлкөдөн өлкөгө көчө баштайт.

Ал эми качкындар оюндары уланууда! Изин жашырып кеткен Аскарбек Шадиевден кийин, эми бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусовду издеп жатышат!

Гуревич Кыргыз бийлигине келишим түзүүнү сунуштап жатат! Максимдин миллиондорун Кыргызстанга кайтарып берем деген Евгений Гуревич чынын айттыбы же соодалашып жатабы?