Жумалык (07.09.20 – 12.09.20) (видео)

1302

Парламентке аттанган талапкерлердин эң кенжеси 21де, улуусу 80де. Кандидаттардын 10 %ы мурда соттолгондор. Депутаттыкка аттангандардын арасында жогорку билими жоктор дагы көп.

Добуш сатып алуу аракети, жарандарды жапырт каттоого тургузуу, административдик ресурс колдонуу, саясатка криминалдын аралашуусу. Шайлоо жакындаган сайын ыплас ыкмалардын күчөгөнү байкалууда.

Түшүм мезгилине карабай базарларда баа түшпөй жатат. Жылда кыйналган дыйкандардын быйыл маанайы көтөрүңкү. Экологиялык таза азыктар экспорттолуп, ички рынокту импорттолгон тамак аштар басууда.