Жумалык (09.04.18 — 15.04.18) / Өткөн Жуманын Негизги Жаңылыктары (видео)

1028

Жогорку саясий диалог кайрадан түзүлдү! Президент Сооронбай Жээнбеков алыскы чет өлкөгө болгон расмий сапарларын Түркиядан баштады.

Европа биримдиги болсо кыргыз президентин кучак жая тосуп алды! Кыргызстандыктар — улуу эл, деди Еврокомиссиянын башчысы Жан-Клод Юнкер.

Президент сунуш кылды. Жогорку Кеңеш макул болду! Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматынан кетирүүнү 105 депутат колдоду.

Бишкек жылуулук электр Борборундагы авариянын себептерин иликтеген депутаттык комиссиянын иши уланууда. Ал арада кылмыш иши козголуп жана кызматынан кетирилген жетекчилер көбөйүп жатат.