Жумалык ( 10.09.19 – 15.09.19 ) (видео)

567

19 кишини кылтакка илген иш. 14 үй камагында, төртөө түрмөдө, бирөө издөөдө. Азиз Батукаевдин абактан эрте бошотулушу боюнча кылмыш ишин тергөө аяктады. Бирок коррупциялык иш кантип ишке ашканы ачыктала элек.

Мурда шашылыш каралса, эми шашпай жатышат. Өмүрбек Текебаевдин соту 20 күнгө жылдырылды. Муну саясатчы ишти кароону парламенттик шайлоого чейин созуу аракети деп шекшиди.

Өлкөдөгү саясий күчтөр биригеби? Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү чогулууда. Бийлик менен саясий топтор орток пикир таба алабы?

Мектепке зар болгон жеткинчектер. Кыйынчылыктарга карабай сабакка шашкан келечек ээлери. Карапайым эл менен чоңдордун балдарынын билим алуусу үчүн түзүлгөн шарттардын айырмасы.