Жумалык ( 12.05.19 – 19.05.19 ) (видео)

633

Кыргызстанда бажагейт деген жаңы сөз пайда болду. Өкмөт башчынын бажасы Иманкадыр Рысалиев министрлер кабинетинин «көмүскө кардиналыбы»? Дагы бир мамлекеттик байланыш компаниясын ачуунун артында кандай кызыкчылыктар бар? Текке кеткен миллиондогон каражаттарды ким төлөйт?

Азиз Батукаевди бошотуп, анын ордуна абакка киргендер көбөйүүдө. Камоолор ылдыйдан жогору көздөй жүрүп жатат. Кезек экс-министрлерге жетти.

Кыргызстандыктар Раим Матраимовдун үнүн укту. Буга чейин уламыштай айтылып келген «Раим миллион» каймана аты бар мурдагы бажычы Алмазбек Атамбаевге эскертүү берди. Бул эскертүүбү же шантажбы? Раим Матраимовдун колунда мурдагы президентке каршы кандай маалыматтар болушу мүмкү?

Мыйзамды көзүнө илбегендер. Азгырылгандардын канын соргон казинолорду кимдер калкалайт? Кумарканаларды аныктаган милиция кызматкерлери куугунтукталууда. Таасирлуу адамдарга мамлекеттин тиши отпойбу?