Жумалык (14.09.20 – 19.09.20) (видео)

1700

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев эки айга камалды. Кара-Суу райондук соттун төрагасы пара менен кармалды. Ал эми Коопсуздук кеңеш коррупцияга каршы жаңы стратегия кабыл алды. Бул документ жемкорлордун жемсоосун бууй алабы?

Милиция криминалга чабуул баштадыбы? Бишкекте кылмыш жасоого даярданып жаткан топ кармалды. Акыркы атайын операциялар шайлоого байланыштуубу? Эмне үчүн криминал бийликке умтулууда.

Парламентте 10 жылда 7 коалиция түзүлүп, өкмөттө 9 премьер-министр иштеди. Шайлоодон кийин аткаруу бийлиги дагы алмашат. Соңку эки чакырылышта коалиция түзүп, өкмөттү бекитүүдө кандай жүрүштөр болгон? Акыркы он жылга саресеп.

Унутта калган таланттар. Атагы алыска кеткен не деген керемет чыгармаларды жаратып, бирок баркталбай калган инсандар.