Жумалык ( 14.10.19 – 20.10.19 ) / Өткөн Жуманын Негизги Жаңылыктары

1158

Кыргызстанда шайлоо кымбаттады. Депутат болуш үчүн канча каражат чачыш керек? Эмнеге байлар парламентке умтулушат?

Өлкөдө ар бир төртүнчү адам кедей. Тиешелүү министрлик жакырчылыкты кыскартуу үчүн каражат таппай келет. Ал арада аткаминерлердин армиясын багууга миллиарддаган сом сарпталууда. Ашыкча мекемелерди кыскартып, органдарды ирилештирүүнүн ордуна жаңы ишканалар түзүлүүдө.

Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча иште айыпталгандар бири-бирин сата баштадыбы? Шектүүлөрдүн бири-бирине каршы берген көрсөтмөлөрү ачыкталууда. Бирок соттук кароо жабык болот.