Жумалык ( 15.04.19 – 21.04.19 ) (видео)

669

Көк-бөрүдөй талашка түшкөн партия. Тай казанга кимиси салат? Кыргызстан социал-демократиялык партиясындагы төңкөрүштү Юстиция министрлиги тааныды. Экс-президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурорго арызданды. Партия маселеси анын пайдасына чечилбесе, радикалдык кадамдар башталаары эскертилди.

Немис ишкерлери Кыргызстандын энергетика тармагына, жангагына, таштандысына кызыгууда. Сооронбай Жээнбековдун Германияга сапарынын жыйынтыктары. 1 миллиард евролук келишимге кол коюлду. Германия 21 миллион еврого 3 шаарда үч оорукана салуу ниетин билдирди.

Паспорт чыры. Каттоо кызматынын үч жооптуу аткаминери абакка киргизилди. УКМК үч жылдан бери түзүлүп келген схеманын бетин ачты. Кыргызстан миллиондогон чыгымдардан куткарылды. Бул чуудан кийин каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикова жумуштан алынды.

Эл ишенбеген жана эң коррупциялашкан деп эсептеген мамлекеттик органдар. Бажы кызматы, Ички иштер министрлиги дагы деле биринчи орунду бербей, сап башынан түшө элек.