Жумалык ( 16.09.19 – 22.09.19 ) / Өткөн Жуманын Негизги Жаңылыктары

612

Чечилбеген чек ара кайрадан адам өмүрүн алды. Эки элдин тынчтыгын бузган окуяда аткезчи, наркобарондордун карааны көрүнө баштады. Радикалдык топторду аралаштырбай, жергиликтүү тургундарды чочутпай, өлкө кызыкчылыгын коргоп туруп чек ара маселесин чечүүнүн жолу барбы?

Эбегейсиз укукка ээ институт пайда болобу? Бардык бийлик бутактарын башкаргысы келген элдик курултай иштей башташы мүмкүн. Жогорку Кеңештеги 120 депутатка сын токтобой жаткан маалда кайрадан эле эл өкүлдөрүнөн турган институттун зарылчылыгы барбы?

Тилге кыянатчылык — улутка кыянатчылык кылуу менен барабар. Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганына 30 жыл болду. Бул макам кыргыз тилинин абалын өзгөртө алдыбы? Өз тилибизде сүйлөп, эне тилибизде иш алып барууга эмне тоскоол?