Жумалык ( 16.12.19 –22.12.19 ) (видео)

1789

«Республика» партиясындагы саясий бурулуш. Өмүрбек Бабанов саясаттан кеткенин тастыктап лидерликти өткөрүп берди. «Республика» партиясы парламенттик шайлоого жаны төрага менен аттанат.

Эмнеге Жогорку Кеңештин депутаттары төрага тууралуу үн катуудан тартынышат? Спикерди артка чакыртуу демилгеси колдоо таба элек. Парламентте саясий оюндар от алабы?

Алмазбек Атамбаев адам өлтүрүүгө шектелүүдө. УКМКнын кызматкери Үсөн Ниязбековду эки киши атканбы? Альфачыга ок аткан деп шектелип 4 ай мурда кармалган адамдан дайын жок.

«Бульдозер» атка конгон Азимбек Бекназаров эми дипломат болот. Малайзияга элчиликке аттанган саясатчы тез арада тил үйрөнүп, өлкөгө инвестиция тартууга белсенүүдө.