Жумалык ( 17.06.19 – 23.06.19 ) (видео)

664

Парламент Алмазбек Атамбаевге күчүн көрсөттү. Башкы прокуратурага экс-президентке байланыштуу иштерди текшерүүгө уруксат берилди.

Камактагы Өмүрбек Текебаев дагы бир күмөндүү иштин башын кылтыйтты. Саясатчы Кыргызстанда чет өлкөдөн келген миллиарддаган акчалар адалданган болушу мүмкүн дейт. Дача СУга кулаган учактын ичинде ири суммадагы акча болгонбу?

Кызыкчылыктардын кагылышы. Матраимовдордун байлыгын текшерген органдардын жетекчилеринин чиеленишкен схемага байланышы ачыкталды. Бири Матраимовдорго жакын куда болсо, экинчиси миллиондогон акча которулган компаниянын жетекчисинин кайнагасы болуп чыкты.

Ээнсиреген эс алуу жайы, иштетилбей турган имараттар. Мамлекеттик ишканалардын жарымы аңгырап турат. Колдо бар алтындын баркы жок. Пайда алып келбеген объекттер кимдерге пайдалуу?