Жумалык ( 18.03.19 – 24.03.19 ) (видео)

855

Кыргыз-Тажик чек арасында абал турукташты. Жаңжалга себеп болгон жолду куруу улантылат. Ал эми чыр чатактын чыгышына жол бергендер жазаланабы? Акаевдин, Бакиевдин бийлиги учурунда кол коюлган протоколдордун кесепеттери. Элге ачыкталбай жаткан дагы кандай документтер катылган?

Жамандын кесепетиби же жалган жалаабы? Якутияда жүргөн мекендештерибиздин иши оорлоду. Кыргызстандын 3 жараны кылмышка шектүү катары кармалгандан кийин эмгек мигранттарын текшерүү күчөтүлдү.

Мурдагы пикирлештердин азыркы пикир келишпестиги. Экс-президент парламентти жаш баланын маңкасына окшоштурду. Буга ачууланган төрага Дастан Жумабеков кескин билдирүү жасап, Атамбаев учурунда бийликти узурпациялоо аракети болгонун, Жогорку Кеңешке кысым жасалып турганын ачыктап салды.

Эгемен Казакстанда биринчи жолу президент алмашты. Нурсултан Назарбаев отставкага кетип, ордуна Касым Жомарт Токаевди калтырды. Коңшу өлкөдө бийлик алмашкандан кийин, Кыргызстан менен Казакстандын кызматташуусунда өзгөрүүлөр болобу?