Жумалык: 2 500 сом айлык. 25 жылдан бери бүтпөй жаткан оорукана

1947

Кыргызстанда коронавируска кабылгандар каттала элек, катталбай эле койсун. Бул коркунучтуу илдетке чалдыккандар болуп калса дагы деп Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында алты кишилик палата даярдалды. Андан тышкары, Кант, Кемин, Токмок, Сокулуктагы ооруканаларда, Кой-Таштагы аскер госпиталда дагы изоляторлор камдалды.

Медицинасы күчтүү, инфраструктурасы мыкты болгон Кытай бир айдан бери бул коркунучтуу вирус менен күрөшө албай жатканын көрүп, Кыргызстанга жеткенин элестетип жүрөк түшөт. Ал жакта бейтаптарды батырып, сапаттуу дарылаш үчүн бир апта ичинде эле миң киши бата турган заңгыраган жаңы имараттарды тургузуп коюшту. Ал эми Кыргызстанда 25 жылдан бери мамлекеттин эсебинен оорукана сала албай жүрөбүз. Албетте, Кытай менен Кыргызстандын экономикасынын абалын салыштырып болбойт дечи.

Эгер Кыргызстанда сырттан келген гранттык жардамдарга ооруканалар салынбаганда, эмне болмок? Жугуштуу оорулар республикалык клиникасына кошумча имарат салуу керек, деп канча жылдан бери какшап келишет. Бирок долбоору азыр кагаз түрүндө эле дубалда илинип турат. Мындай мисалдарды айта берсек толтура. Кыргыз медицинасы кесибин сүйгөн дарыгерлер менен гана кармалып турганына дагы бир жолу ынандык. Начар шарт, аз маяна жана бейтаптардан уккан ачуу сөздөргө карабай ак халатчандар канчалаган адамдын өмүрүн сактап калышууда. Өздөрү жардамга муктаж кыргыз медицинасынын бүгүнкү абалы…