Жумалык ( 20.05.19 – 26.05.19 ) (видео)

561

Кыргызстанга бензиндин ар бир төртүнчү литри контрабанда жолу менен келет. Аткезчиликтин кесепетинен 5 айда эле өлкө бюджетине 2 миллиард сом түшпөй калды. Күйүүчү май контрабандасынын артында кайсы таасирдүү адамдар турат? Аларды ооздуктоого органдардын алы жетпейби?

Элдин ачуусун басып, депутаттарды жумшартуу аракетиби? Бажагейттен кийин өкмөттө 3 жетекчи жумуштан алынды. Премьер-министрдин бажасынын мамлекеттик иштерге аралашканына өкмөт башчы өзү эмес, кол алдындагылар күнөөлүү болуп чыкты.

Адамдын убалынан коркпогон ак халатчандарга жаза жокпу? УЗИ адиси кош бойлуу келиндерге туура эмес диагноз коюп, алдап дары сатканы далилденсе дагы чара көрүлбөй жатат. Элдин саламаттыгына зыян келтирип байлык топтогондор. Кыргызстанга ташылган коркунучтуу дары-дармектерге көзөмөл кылган киши барбы?