Жумалык (21.09.20 – 26.09.20)

3132

Аравандагы калайман мушташ, Нарында сабалган үгүтчү. Шайлоо кампаниясы күч колдонуулар менен коштолууда. Добуш берүүгө бир жума калды. Кыргызстанда дагы кандай саясий бурулуштар болушу мүмкүн?

Өлкө эгемен алгандан бери парламентке 860 депутат шайланыптыр. Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын кыскартуу демилгелери көбөйүүдө. Шайлоодон кийин кайра референдум өтөбү?

Добушуңду саткан — мекенди сатканга барабар. Алдыдагы шайлоодо капчыгына карап эмес, жүрөгүң менен добуш бер. Жаштар кыргызстандыктарды акчага азгырылбай, туура тандоо жасоого чакырышууда.

Көркөм дөөлөт коз жаздымда калып, классикалык курулуштар азаюууда. Тарыхый имараттарды талкалап, жок кылуу — тарыхты өчүрүү аракетиби?