Жумалык ( 22.04.19 – 28.04.19 ) (видео)

595

Уран кенине берилген лицензия артка чакыртып алынды. Кызыл-Омполдо иш токтоду. Бирок нааразылардын толкуну токтогон жок. Уулуу жайга уруксат берип чуу жараткандарды жазалоо талабы коюлду. Лицензиянын мөөнөтүн узартуунун учу кайра эле Зилалиевге чыкты.

Социалисттер сотторго сес көрсөтө алдыбы? Жогорку соттун алдында көк желек көтөргөндөрдүн жана кызыл кол чатырчандардын митинги өттү. Бирок Текебаев, Жапаров, Чотоновдордун соту бул жумада болбой калды. Кароо кийинки аптага жылдырылды.

Санариптештирүү тууралуу санаасына да кетпегендер. Ишти электрондук форматка өткөрүүдө чабалдыгын көрсөткөн аткаминерлер президенттен тил угушту. Өлкө башчы кереги жок, ашыкча документтерди талап кылып, элди кыйноону токтотууну буйруду.

Өкмөт чоң сыноодон өттү. Айрым депутаттар аткаруу бийлигинин ишине ачууланганы менен, колдоп беришти. Аванс менен колдоо тапкан өкмөт эми алгылыктуу иштеп кете алабы?