Жумалык (23.04.18 — 29.04.18) / Өткөн Жуманын Негизги Жаңылыктары

1260

Жаңы дайындалган башкы прокурор өз мекемесин эски ооруулардан арылтам, деп убада берди! Көп сүйлөбөгөн Өткүрбек Жамшитов депутаттардын колдоосун, жана таза иштеген прокурорлордун батасын алды.

Бишкек жылуулук электр борбору боюнча ишти иликтөө күч ала баштады! Парламенттик териштирүү болсо аяктап, анын жыйынтыктары жакында угузулат.

Кыргызстандыктардын үчтөн бири өлкөгө реформа керек, деп эсептейт! Калктын пикиринде, өкмөт коррупция менен жетиштүү күрөшпөй жатат. Бул тууралуу өткөн жылдын соңундагы социологиялык изилдөөнүн жыйынтыгында айтылат.