Жумалык ( 23.09.19 – 29.09.19 ) / Өткөн Жуманын Негизги Жаңылыктары

562

Андрей Малаховдун мазактоосу Кыргызстандыктарды түп көтөрдү. Россиялык алып баруучунун дарегине миңдеген нааразы кайрылуулар жөнөтүлдү. Россиянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү да Малаховдун аракетин кескин сынга алды.

Колунда жогу таштандынын жээгин басып алса, колунда бары жашыл бакты мыкчыды. Ортодогу айырмачылык — эки башка жашоо шарт. Бири жыты буруксуган аймактагы кепе тамда күн кечирсе, экинчиси бак-шактуу, абасы таза хан сарайда. Буларга мыйзам иштебейби?

Саясаттагы шайтан оюндардын башталышы парламенттик шайлоонун жакындаганынан кабар береби? Бири компроматтар согушун ачса, шайлоого катышууну каалаган дымактуулар инвесторлордон акча өндүрүүнүн жолдорун ойлой башташты.