Жумалык ( 23.12.19 –29.12.19 ) / Өткөн Жуманын Негизги Жаңылыктары (видео)

3323

Бажы аркылуу ондогон эмес жүздөгөн адамдар байыган. Ар бир президенттин тушунда каржылап турган капчыктуу кишилери болгон. Мамлекет башчы эми фактыларды юридикалык жактан бекемдөөгө убакыт талап кылынаарын айтты. Президент саясий репрессия жүрүп жатат деген сөздөрдөрдү четке какты. Өлкө башчысы феминнале көргөзмөсүн аялдарды мазактоо деп баалады. Президент жыл жыйынтыгын чыгарды.

Саясаттагы күтүүсүз бурулуш. Өмүрбек Текебаев менен Алмамбет Шыкмаматовдун ортосун кара мышык аралады. Эки Ата мекенчинин талашканы эмне? Шыкмаматовдун партиядан кетиши социалисттердин беделин түшүрөбү?

2019-жылдагы кайсы окуя кыргызстандыктардын эсинде? Саясат, экономика, маданият, спортто кандай өзгөрүүлөр, ийгиликтер болду?