Жумалык (24.02.20 – 01.03.20) / Өткөн Жуманын Негизги Жаңылыктары

1068

Коронавирустун тарашы басаңдабай эле, күчөп жатат. Японияда жүргөн Кыргызстандын бир жараны жугуштуу илдетке кабылды. Өлкө ичинде болсо, той-топурду токтотуп, жума намазга катышкандардын санын азайтуу чакырыктар жасалды. Кытай, Иран, Япония, Корея, Италиядан келгендер Кыргызстанга киргизилбейт.

Шаардык кеңештердеги 169 мандат үчүн канча талапкер ат салышат? Бийликке ыктаган партиялар 5 шаардагы саясий өнөктүккө активдүү катышканы турушат. Жергиликтүү кеңешке умтулуунун сыры эмнеде?

Үчүнчү келин үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болду. Сокулукта зөөкүр аялынын бетине бензин чачып от койгон. Мыкаачы күйөөсүнөн аялдар ажал таап же өзү кылмышкер болуп кутулабы? Кордук көргөн колуктуларды ким коргойт?

Референдум өткөрүүнү каалаган топтордун катары көбөйүүдө. Кыргызстан кайрадан конституциялык реформага муктажбы? Баш мыйзамды өзгөртүүдөн жашоо оңолобу? Акаев ашмалтайын чыгарган баш мыйзамды Бакиев дагы бир нече жолу бузган.