Жумалык (25.02.18 — 04.03.18) / Өткөн Жуманын Негизги Жаңылыктары (видео)

943

Кийинки чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарандыгы текшериле баштайт. Ал эми учурдагы эл өкүлдөрүн болсо азырынча башка мамлекеттин тартип сакчылары ашкерелеп жатышат.

Өкмөт бардыгын аныктап, күнөөлүлөрдү таап койгон. Депутаттар болсо тереңирээк казууга аракеттенип жатышат. Бишкек ТЭЦиндеги аварияны иликтеген парламенттик комиссиянын кезектеги отурумунан репортаж.

Өлкө жолдорундагы тартипсиздикти жоюунун дагы бир аракети! Жол эрежелерин бир жылда үч ирээт бузгандар кайрадан экзамен тапшырышат. Мас айдоочулар 2 жылга машине башкаруу укугунан ажыртылат.