Жумалык ( 25.03.19 – 31.03.19 ) (видео)

1319

6 млрд долларлык макулдашуулар. Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы. Канттагы аскер базасынын аймагы кеңейтилип, ижарасы көтөрүлдү. Жер үйгө 600 миллион доллар инвестиция салынмай болду. Россияга эт экспорттоонун көлөмү көбөйтүлөт.

Өмүрбек Бабановго кылмыш иши саясий максатта козголгонун Россиянын экспертиза борбору ырастады. Көз карандысыз адистердин бүтүмүн көзгө илбей жаткан тергөөчүлөр. Талдоочулар Бабановдун ишин саясий эмес, укуктук талаада кароого чакырышты.

Кесипкөйлүк үчүн кемсинткен заманбы? Илимге таянып иш алып барган профессор жумуштан айдалды. Ансыз да билим берүү тармагы аксап турган маалда дасыккан адистерди басынткандарга тарых баасын берет.

Карыларды кордоп, ырысын тепкендер. Өз уулунун ур-токмогуна кабылган эне бараарга жери жок кризистик борбордо баш калкалап жатат. Карылар үйүндө балдарынын караанына зар болгон апа-аталар.