Жумалык (26.01.20 – 02.02.20)

1965

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирустун жайылышы токтобой жатат. Кыргызстан коркунучтуу илдетке каршы чараларды күчөттү. Дарыканаларда медициналык бет каптар массалык түрдө сатып алынууда. Базарларда Кытайдан ташылган азык-түлүктөр өтпөй калды. Ак халатчандар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Кыргыз медицинасынын илдети. Дарыгерлерге шарт жок, бирок талап чоң. Дарыгерге жете албай узун кезек күткөн бейтаптар. Курулушу аягына чыкпай ээнсиреген имараттар. Акыркы жылдары мамлекеттин эсебинен оорукана салына элек.

Бироо мас абалында машина айдаса, экинчиси кооптуу кылмышкерлерди абактан бошотууда. Соттордун былык иштери ашкереленүүдө. Судьяларды тандаган Кеңеш буга эмне дейт?