Жумалык ( 27.05.19 – 02.06.19 ) (видео)

596

Чиеленишкен схема, чеги жок чыгарылган акчалар. Мунун баары айланып келип бир кишинин чөнтөгүнө түшүп турган. Кыргызстандан 6 жыл ичинде 700 миллион доллар, алтын куймалар кантип чыгарылган жана анын артында кимдер турганы ашкереленди. Финансы полициясы бир тууган Матраимовдорду калкалап жатабы? Текшерүү баштала электе орган өкүлдөрүнүн айткан жообу көпчүлүктүн үмүтүн өчүрдү.

Евразиялык экономикалык биримдиктин шарттарын бузууга туура келеби? Кошуналардын бажыга байланыштуу дооматтарына президент Сооронбай Жээнбеков жооп кайтарды. Чек араларга үч тараптуу көзөмөл орнотууну сунуштап, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчыларын ойго салды.

Кадрлардын кадыры кеттиби? Орун алмаштыруудан абал өзгөрөбү? Өкмөттүн курамы өзгөрүүгө дуушар болду. Бирок жаңы кадрларга эмес. Кыргызстанда кадрдык кризис жаралдыбы?