Жумалык ( 29.04.19 – 05.05.19 ) (видео)

640

Кыргызстанда уран кенин чалгындоого, казууга тыюу салып, парламент саясий чечим кабыл алды. Бирок депутаттар бул маселени биринчи эл көтөрүп чыккандан кийин талкууга алганына арданышты. Саясий чечим кабыл алынганы менен анын арты эмнеге алып келээри азырынча белгисиз. Уран казууга уруксат алган 18 компания унчукпай кете берүүгө макул болобу?

Алты жыл мурда абактан чыгарылган Азиз Батукаевдин иши боюнча алгачкы камоолор башталды. Мыйзамдагы ууруга лейкоз деген диагноз койгон дарыгерлер камалды. Чечим чыгарган сотко, ага макул болгон прокурорго, арачага түшкөн акыйкатчыга, криминалдык төбөлдү узаткан генералдарга кол жетеби?

Митингде коюлган талаптар аткарылган жок. Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо өтүнүчүн четке какты. Алардын мүлктөрү гана камактан чыгарылды. Ал эми Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 1,5 жылга гана кыскартылды.

10 жолу өзгөрүүгө дуушар болгон конституцияга 26 жыл толду. 5-май – алгачкы баш мыйзам кабыл алынган күн. Кыргызстанда жакын арада дагы конституциялык реформа болобу? Документ алмаштыруудан жашоо оңолобу?