Жумалык ( 30.09.19 – 06.10.19 ) / Өткөн Жуманын Негизги Жаңылыктары

589

Криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш сотко өттү. Алмазбек Атамбаев, Индира Жолдубаева, Калыбек Качкыналиев жана Абдухалим Раимжановго «уюшкан кылмыштуу топтун пайдасына коррупциялык иштерди жасаган» деген айып тагылды. Калган 15 киши тергөө менен кызматташып жаткандыктан материалдар өзүнчө өндүрүшкө алынды.
Нарында алыс аралыкты жөө басып, шарты жок мектепте балдарга билим берген мугалим. Чүйдүн Кошой айылында бир нече жылдан бери физика сабагы окутулбайт. Жумушка кымбат баалуу унаа менен келип 40 миң сомдон кем эмес айлык алган депутаттарга эмнеге нааразы?
Саясаттан алыс, интрига менен иши жок элеттиктер. Аймактарды өнүктүрүү кампаниясынын алкагында айылдарда абал өзгөрдүбү? Акыркы эки жылда Нарын областында эмне иштер жасалды?