Жумалык (30.11.20 – 05.12.20) (видео)

1564

10-январда кыргызстандыктар президент менен кошо президенттик башкарууну тандайбы? Референдум тууралуу мыйзам долбоору талкууга чыгып, бирок кворум жок добуш берилбей калды. Конституциялык палата болсо парламенттин ишмердүүлүгүн мыйзамдуу деп тапты.

Элдикин элге. Коррупционерлерди кустуруу кампаниясы уланууда. Мурдагы аткаминерлер уурдап алган мүлктөр кайтарылууда. Тайырбек Сарпашев 500 гектар жерди өткөрүп берди. Райым Матраимов болсо мамлекетке миллиарддаган карызын төлөөгө акча издеп жүрөбү же убадасын унуткаруу аракетин көрүп жатабы? 2 миллиард сом казынага түшкөн жок.

Бир жылы кызылча айдагандар, экинчи жылы картошко эккендер кыйналса, быйыл эт өндүргөндөр нааразы. Айыл чарбага багытталган өлкөдө дайыма айыл чарбачылардын көйгөйү курч турат. Эт кымбаттаганы элге кыйынчылык жаратса, малчылар акчага маарышты. Бирок фермерлер үчүн жыргал жашоо көпкө созулган жок.