Жумалык: 31 балалуу камкор ата. 4 баласын таштап кеткен күкүк ата (видео)

1170

Кыргызстанда 12 миңден ашуун бала ата-энесиз калып, балдар үйлөрүндө жашап жатканын бардыгыбыз эле билбейт болушубуз керек. Ал бөбөктөр менен өспүрүмдөр, эне мээриминен ажырап, үй-бүлөлүк тарбия көрбөй өсүүдө. Адистердин айтымында, бул өксүк — келечекте алардын коомго аралашуусунда кыйынчылыктарды жаратат. Интернаттарда өсүп жаткан, ал 12 миң балдар-кыздардын болгону 5 гана пайызы томолой жетимдер. Калганынын жок дегенде энеси же атасы бар. Бул жакырчылык менен эмгек миграциясынын кесепеттери.

Балдарын бага албай же иштегени алыс жакка кеткендердин арасында өз чүрпөлөрүнөн биротоле баш тарткандар дагы, убактылуу калтырып кеткендер дагы бар. Балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткандарды багууга мамлекет жылына 500 миллион сом бөлүп турат. Бул акчанын үчтөн эки бөлүгү ал интернаттардын кызматкерлеринин маянасына жана коммуналдык чыгымдарына сарпталат экен.

Ал арада, өнүккөн өлкөлөрдө жетимдерди балдар үйлөрүндө кармоо тажрыйбасы дээрлик жоюлуп кеткен. Анын ордуна ата-энесиз калган бөбөктөр, аларды асырап алууну каалаган үй-бүлөлөрдө жайгаштырылат. Бул биринчи кезекте, өгөй да болсо ата-энелүү болгон ал балардын толук кандуу инсан болуп тарбияланып, калыптануусуна шарт түзөт.

Экинчиден, мамлекет балдар үйлөрүнө каражат бөлбөй, ал акчанын бир бөлүгүн жетимдерди багып алган ата-энелерге маяна катары төлөп, асыранды балдардын муктаждыктары дагы каржыланат. Бул тажрыйба Кыргызстанда дээрлик колдонулбайт. Бирок буга карабастан, кароосуз калган ондогон балдарды өз ыктыяры менен асырап, аларга мээримин төккөн адамдар бар.