Жумалык: Алкымы чоң аткаминерлердин рейтинги (видео)

1180

«Коомдук талдоо институту» Каттоо кызматынын мурдагы аткаминери Насырбек Алмаматовду бошоткон судьяларга карата чара көрүүнү суранып, президентке кайрылды. Бул уюм Бишкек шаардык сотунун үч судьясына тартип комиссиясы тарабынан сөгүш гана берилгенине нааразы. Насырбек Алмаматовдун иши сотторго көө жаап бүпөй койду. 12 жылга соттолгон коррупционер өзү болсо азыр чет өлкөдө жашынып жүрөт. Тергөөнүн маалыматына караганда, Алмаматов Каттоо кызматында туруктуу коррупциялык схема түзүп, күнүнө бери дегенде 100 миң сомдой акча чогултуп турган. Насырбек Алмаматов Бишкек шаардык автоунаа каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү бөлүмүн 2017-жылдын 26-сентябрынан 2018-жылдын ноябрына чейин жетектеген. Ошондо 14 ай ичинде Насырбек Алмаматов канча каражат чогултуп, байлык топтоду болду экен деген суроо көпчүлүктү кызыктырып келет. Эгер тергөөнүн маалыматына таянып, мурдагы аткаминердин күнүмдүк кирешесин 100 миң сомдон эсептесек, ал 280 иш күнүндө миллиондогон акчага маарыптыр. Чыныгы так санды, Алмаматовдун өзүнөн башка эч ким билбесе керек.

Пара алган аткаминерлер боюнча акыркы он жылга саресеп салсак, 8 кишинин эле парасы 1,5 миллион доллардан ашат экен. Талап кылган акчанын суммасы боюнча азыр транспорт министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев биринчи орунда турат. Рейтингдеги кийинки тепкичке прокурорлор чыгышты. Алкымы чоңдордун катарында прокурорлордон тышкары, судьялар, министрдин орун басарлары, мекемелердин катардагы кызматкерлеринен бери бар. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматкерлери колунан кармаган пара берүү фактыларына саресеп салсак, акыркы он жылдагы эң чон сумма 520 миң доллар, ал эми эң азы 100 сомду түзөт экен. Жемкорлордун арасында накталай акча эле эмес, мал, тамак-аш түрүндө пара алгандар да бар.