Жумалык: Ата мекендик өндүрүштү өксүткөн чет элдин товарлары (видео)

1433

Баары саясат менен алпурушуп жатып, экономика унутулуп бараткандай. Азыр өлкөдө кандай гана экономикалык долбоор болбосун саясатташып кеткен. Кыргызстанды бутуна тургузуунун бир жолу ички өндүрүмдү өнүктүрүп, экспортту көбөйтүү. Бирок бизде азыр тескерисинче. Улуттук статистика комитетинин маалыматын карасак, товар импорттоо учурда экспортко караганда 3 эсеге көп экен. Эгер Кыргызстанда жок товарлар сырттан ташылса бир жөн. Бирок өзүбүздө өндүрүлгөн азык-түлүк, кийим-кече, буюм-тайымды тыңыраак сата албай жатып, сырттан ташыганда күйөсүң. Ошол эле этти алалы.

Кайра эле Улуттук статистика комитетинин маалыматына таяналы, азыр Кыргызстанда 8 миллионго жакын бодо мал жана кой-эчки бар экен. Мал-жандуу өлкөгө сырттан эт ташып келүүнүн канчалык кажети бар? Же ал эттин сапаты жогору болсочу, мал кандай шартта багылып, союлуп, бул жакка ташылып келгенин эч ким билбейт да. Бир барак кагазга жазылган документке таянып эле биздин адистер таза азык деп алакан жайышат.

Мал баккандардан тышкары, дыйкандар дагы өндүргөн органикалык жашылча, жемиштерин сата албай убара. Кыргызстандын базарларын Кытайдан, Иран жана башка өлкөлөрдөн ташылган тамак-аштар басып кеткен. Алардын даам-татымы жергиликтүү азыктын жанында караандабайт, ал эми сапаты өзүнчө кеп. Сырты жалтырак, ичи калтырак болгон тамак-аш суроо талапка дагы ээ. Анткени баасы төмөн жана кебетеси жакшы көрүнөт.

Мындай шартта, жергиликтүү өндүрүүчүлөр таза азыктары менен атаандаштыкка туруктуштук бере албай жатышат. Бул жерде мамлекеттин чечкиндүү кадамы керек. Импортко чектөө киргизип, экспортту өнүктүргөн шартты түзүшү зарыл дешет эксперттер. Азырынча бул ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн кыялы гана болуп калууда.