Жумалык: Бабановдун өлкөнүн экономикалык өсүшү үчүн жасаган иштери (видео)

759

Өткөн аптада мен-мендеген дасыккан адистер, ар кайсы илимдердин докторлору Өмүрбек Бабановго саясий максатта кылмыш иши козголгонун далилдеп, 4 экспертизанын жыйынтыгы коомчулукка жарыяланганына карабай, тергөө органдары тарабынан эч кандай реакция болгон жок. 3 жергиликтүү, 1 эл аралык экспертизанын корутундулары жалпы журтка маалым болгон соң, бул жумада жер-жерлерде тургундар басма сөз жыйындарын өткөрүп, Өмүрбек Бабановдун иши боюнча өз пикирлерин айтышты.

Алгач Каракол шаарында, Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу районунун жашоочулары чогулуп, мурдагы президенттикке талапкерге козголгон жасалма кылмыш ишин жабууну өтүнүштү. Аны улай эле, Талас областында дагы тургундар журналисттер аркылуу бийликке кайрылууларды жасашты. Баарынын эле тилеги бир — Өмүрбек Бабановдун өлкөгө келүүсүнө шарт түзүлүп, анын дараметин экономиканы өнүктүрүүгө пайдаланылса дешет.