Жумалык: Депутаттар эл алдында берген убадаларын аткарыштыбы? (видео)

1997

Акыркы күндөрү Ош, Бишкек, Токмок, Каракол, Майлуу-Суу шаарларында калктын саны кескин көбөйүүдө. Бирок наристелер төрөлүп, демографиялык өсүш болгон жок. Так ушул беш калаага каттоого турууну каалагандардын катары коюлууда. Мунун сыры башкада. Аталган беш шаарда 12-апрель күнү жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөнү турат. Парламенттик шайлоого аттана турган партиялардын көбү алгач өздөрүн ошол жактарда сынап көргөнү жатышат. Ал жактан канчалык көп мандат алса, октябрда өтүүчү саясий өнөктүктө утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору болоору шексиз. Мындайча айтканда, чоң саясатка аттанууга репетиция, бекем пайдубал түптөө. Ошондон улам, ар бир партиянын мүчөлөрү тууган-туушкандарын, тааныш-билиштерин шаарларга каттоого тургузуп жатышат. Бир эле Каракол шаарында күнүнө жүздөй киши паспорт столуна баш багууда. Токмокто болсо, бир ай ичинде эле шайлоочулардын саны 3 миң кишиге көбөйгөн.

Ал эми парламенттик шайлоого туура 240 күн калды. Саясатчылар жарандарга жагынуу үчүн эмне гана кылышпайт. Айрыкча, шайлоо алдында ошол саясатчылардан өткөн жакшы, берешен киши болбой калат. Азыр Жогорку Кеңешке келүүнү эңсеген чоң партиялар эн тамгаларын, курамын өзгөртүп, катарына тың жаштарды, акчалуу аксакалдарды тарта башташты. Айрым лидерлер өмүрү басып барбаган жайма базарларга чейин барып, эл менен аралашып манты жеп сүрөткө түшүп, видеого тартып чыгарууда.

Алдыдагы 8 айда мындан башка дагы кызыктарды, кубулган саясатчыларды көрөбүз. Айрым божомолдорго карагада, парламенттин азыркы курамынын жок дегенде жарымы шайлоодо жеңип кайра мандат алат. Бирок шайлоочулар бул депутаттар беш жыл аралыгында эмне иш жасады, өлкөгө, элге эмне пайда алып келди, ошого карап баалап, чечим чыгарыш керек. Биз политмер аналитикалык порталынын маалыматына таянып, азыркы эл өкүлдөрүнүн 2015-жылы эл алдында берген убадаларын тизмектеп, алардын кайсынысы аткарылды, канчасы унутта калганын эсептеп көрдүк. Жыйынтык коомчулук күткөндөй эмес, депутаттар баарын кыйратып салдык деп айтып, көрсөтүп мактана турчу деле эч нерсе жасабаптыр.