Жумалык: Эки лидер, эки устав, эки эреже. КСДП партиясы талашка түштү (видео)

695

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын эки курултайы өттү. Эки тарап бири-биринин ишин тааныбайт жана өздөрүнүн лидерлери бар. Буга чейин «Атамбаевсыз КСДП» кыймылын түптөп, экс-президентти катуу сындап келген Сагынбек Абдрахмановдун тарабы 3-апрелде съезд өткөрүп, Алмазбек Атамбаевдин 6 жылдык башкаруу учурунда жасалган иштерине ачуу сындарды айтты. Ошондой эле, мурдагы өлкө башчысынын партиядагы лидерлигин токтотуп, мүчөлүктөн чыгаруу чечимин кабыл алышты. Саясий уюмдун жетекчилигине, албетте Сагынбек Абдрахманов өзү шайланды. 25 жылдык тарыхы бар партиянын ыркы кетип, ушинтип эки жээкке бөлүнүп калды. Муну талдоочулар, Атамбаев өзү коюп кеткен капканга өзү түштү деп баалашууда. Ал бийликте турганда айрым партия, фракцияларда ажырымдар пайда болуп, эки жаатка бөлүнүшкөн. Эми минтип КСДП деген аталышты талашып жатышат. Сагынбек Абдрахманов эмнеге башка партия түзүп, иштей бербейт деген суроолор дагы жаралууда.

Сагынбек Абдрахманов муну менен эле токтоп калган жок. Алмазбек Атамбаевден партиянын мөөрүн берүүнү өтүндү. Ошондой эле, ал саясий уюмду кайрадан каттоодон өткөрүү үчүн Юстиция министрлигине кайрылат экен. Сагынбек Абдрахмановдун съездин өздөрүнүн чыныгы ксдпчылар деп эсептегендер фейк, жалпак тил менен айтканда жалган курултай деп атап, анын жыйынтыгын тааныбайбыз деп билдиришти. Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын экичи тарабы өздөрүнүн съездин өткөрүштү. Бирок экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган курултай жабык болду. Аны чагылдырууга барган журналисттер киргизилген жок.