Жумалык: Инвесторлорду качырган митингдер (видео)

1111

Кыргызстандыктар ири долбоорлордон жалкып калышты. Анткени канчалаган кен байлыктарды чет өлкөлүктөр каалагандай казып, мамлекетке болсо жаш баланы алдагансып арзыбаган акча төлөп коюшат. Мунун баары коррупциялык схемалар менен түзүлгөн келишимдердин кесепеттери. Бир эле мисал, Кумтөрдү алалы.

Учурунда Кумтөр боюнча келишим өлкөнүн кызыкчылыгына каршы түзүлүп, экология катуу зыян тарткандан тышкары, бюджет миллиондогон каражаттардан кур калганын ар бир экинчи киши айтып чыкты эле. Бирок аны деле көпчүлүк унутуп калышты. Ошол Кумтөр боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келишим түзгөн бир аткаминер жазаландыбы, жок. Эскирүү мөөнөтү өтүп кетти деп кутулушту.

2013-жылы күзүндө Башкы прокуратура Кумтөр боюнча келишим түзүүгө катышкан ондон ашык мурдагы аткаминерге коррупция беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон, бирок 3 ай өткөндөн кийин, 2014-жылы эскирүү мөөнөтүнө туш келди деп сот мурдагы премьер-министр, мурдагы министр баштаган топтун ишин кароону токтоткон. Ошентип, өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүп, Кумтөрдү канадалыктарга карматкандардын кылы дагы кыйшайган жок.

Кылмыш жасагандар ушинтип суудан кургак чыгып жатса, анан кайдагы элдин ишеними тууралуу сөз кылууга болот. Азыр кайсы жерде болбосун, инвестор кен байлык казууну ниет кылабы же башка иш жасаганы келеби, ал жактын тургундарынын тилин табышы кыйын. Акыркы эки жылды эле алсак, жергиликтүү тургундардын нааразычылыгынан улам ондой инвестор түйүнчөгүн түйүп кетүүгө аргасыз болгон.