Жумалык: Жакында шайлоо. Ыплас ыкмалардын артында кимдер турат? (видео)

1254

Отставкалар ушуну менен эле токтоп калган жок. Бейшемби күнү Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов менен «Унаа» ишканасынын жетекчиси Алымжан Козубаев жумуштан кетти. Экинчи аткаминер кетер өңдөнүп калган болчу. Анткени коопсуздук кеңеши бул мекемеде толгон-токой мыйзам бузууларды таап чыгып, өкмөткө Козубаевди иштен алууну сунуштаган. Ал эми Алмаз Мамбетовдун отставкасы көпчүлүккө бир аз күтүүсүз болду. Ошентип азыр өкмөттө 3 мекеме жетекчисиз калды. Аткаруу бийлигиндеги акыркы кадр алмашууларды көпчүлүк шайлоонун шарапаты дешет. Алдыдагы саясий өнөктүккө даярдыктар бөтөнчө кызуу жүрүп жатат. Өкмөт ишенимдүү кадрларын кызматтарга коюп жатса, жер-жерлерде саясий күчтөр ишенимдүү адамдарын шаарларга каттоого тургузуу менен алек. 12-апрелде 5 чоң шаарда жана 25 айылда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөнү турат. Буга байланыштуу президенттин жарлыгы өтүп бараткан жумада чыкты.

Бирок жер-жерлерде шайлоолорго даярдык тээ жыл жаңырганда эле башталган. Мурда шаардык, айылдык кеңештерге шайлоого мынчалык деле көңүл бурулчу эмес. Бул жолу парламенттик шайлоодогу жеңиш ушул апрелдеги шайлоодон көз каранды болот деп саясатчылардын баары болгон күчүн ушул шаарларга салып жатышат. Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы, Майлуу-Суу калааларынын тегерек четиндеги айыл-апалардын тургундарынын баары азыр шаардык болуп калышты. Массалык түрдө каттоого туруп жатышат. Ошто 1,5 айда эле 40 миңдей киши каттого турган, экинчи орунда Токмок шаары келе жатат. Бул аймакта шайлоочулардын саны 30 күн ичинде 7 миңге көбөйгөн. Жергиликтүү аткаминерлердин үйлөрүнө чейин каттоого туруп жатыптыр. Бир үйдө 500гө чейин адам жашайбыз деп кебелбей эле паспорт столго документин көтөрүп келгендер бар.

Ош шаарында 45, Каракол, Балыкчы, Токмок шаарларында 31, Майлуу-Сууда 21 мандат үчүн ат салышканы турушат. Бирок күрөш таза эмес башталганы кооптондурууда. Бул жумада маселе парламенттин отурумунда каралып, депутаттар массалык каттоонун кесепети оор болорун эскертишип, ал эми Боршайком менен Каттоо кызматы жарандардын өз эрки экенин айтып, чектөө киргизген мыйзам кабыл албайсыңарбы деп эл өкүлдөрүнүн өздөрүнө суроо узатышты. Кыргызстанда буга чейин мындай тажрыйба болбогондуктан, анын алдын алуу тууралуу мыйзам кабыл алууну эч ким деле ойлонбоптур. Так ушундай чектөөнүн жоктугун амалкөйлөр өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууда. Жөнөкөй эле математикалык эсеп. Ош шаарын алалы, калаадагы жергиликтүү кеңеште 45 мандат бар, ал эми жыл башына карата шайлоочулардын саны 140 миңдин тегерегинде болчу. Ошондо, бир мандатка жетиш үчүн 3100 добуш алуу керек. Акыркы массалык каттоого турган 40 миң кишинин добушун мандатка айландырсак, 13 депутаттык орунду камсыз кылат экен.