Жумалык: Каталар каптаган кыргыз-тили (видео)

1351

Буга чейин сапатсыз билим берүү, китептердеги каталар тынчсыздандырып келсе, эми мектептерде колдонулуп жаткан окуу куралдары жасалган материалдардын өзү балдардын өмүрүнө коркунуч жарата баштады. Бул жумада УКМК «Дордой» базарынан окуучулардын ден соолугуна зыян келтирүүчү китептерди таап, 28 түрдүү 8 миң нуска китепти аныктады. Экспертизанын жыйынтыгында, китептерде балдардын ден соолугуна терс таасир этүүчү боёктор колдонулганы белгилүү болду.

Өлкөдөгү жергиликтүү басмаканалар россиялык компаниянын атын, белгилерин колдонуп ушундай кооптуу китептерди чыгарыптыр. Эми анын канчасы балдардын колуна тарап кеткенин текшерип, кыдырып чогултуп чыгуу керек. Бул боюнча УКМК тергөөнү улантып жатат. Ушул эле жумада башкы прокуратура 1, 2 — класстын математика сабагы боюнча китебин басып чыгаруу үчүн тендер өткөрүүдө бир компанияга артыкчылык берилип, шарттары ошого ынгайлаштырганын аныктап кылмыш ишин козгоду. Мунун кесепетинен 160 сомдук китептер 500 сомго бааланган.