Жумалык: Ө. Текебаев “Бир казанда 5-6 кочкордун башы кайнайт, бирок…” (видео)

1480

Президент Сооронбай Жээнбековдун тогуз пайыздык босогону төмөндөтүүнү колдогон билдирүүсү шайлоого аттанууга камынып жаткан саясатчыларга майдай жакты. Тогуз пайыздык босого тууралуу мыйзам 2017-жылы эле кабыл алынган. Анда партияларды ирилештирүү максатында мындай чоң чек коюлуп жатат деп түшүндүрүштү эле. Документке эч ким деле каршы чыккан эмес болчу. Бирок парламенттик шайлоо жакындаганда мандатка ат салышчулар тогуз пайыздык босогону аттап өтүү өтө кыйын экенин түшүнө башташты.

Жарым жылдан бери саясий күчтөрдүн башын бириктирген маселе так ушул болуп келген. Президенттин сөзүнөн кийин, азыр партиялар үнүбүз жетти деп кымыңдап турган учуру. Алдыда процедуралык эле иштер калса керек, анткени парламент пайыздык босогону түшүрүү мыйзам-долбоорун көп талкуусуз эле колдойт деп көпчүлүк ишенүүдө. 7 пайыздык чекке кайтып келсек, канча партия шайлоодо жеңип чыгышы мүмкүн Эгерде босого ылдыйласа, саясий күчтөр биригүүдөн баш тартабы?