Жумалык / Өткөн Жуманын Негизги Жаңылыктары (видео)

1566

Кытай ишкеринин өлтүрүлүшү инвесторлорду чочутту. Кыргызстанда криминал баш көтөрдүбү? Айрым саясатчылардын криминалдык топтун ана башчылары менен коюн-колтук алышы милицияга кылмышкерлердин мизин кайтарууга тоскоол болуп жатабы?

Иш издеп, ысык-суукта ээн талаада чогулган энелер. Миграция канча баланы ата-энесинен алыстатты? Жумушсуздуктун айынан айына автобус менен эле 4 миң киши Россияга аттанууда.

Дүйнө жүзү ак илбирсти коргоого аракет кылып жатканда кыргыз депутаттарынын кылыгы. Эл өкүлдөрү экологияны сактоого багытталган мыйзамга каршы чыгышты. Кыянатчылыкпы же жеке бизнести коргоо аракетиби?