Жумалык / Өткөн Жуманын Негизги Жаңылыктары (видео)

569

Жарандык коомдун күчү. Эки адамды аёосуз сабап, милициядагы байкесине жамынып качып жүргөндөр он күндөн кийин, тартип сакчылардын уйкусун бузуп таң атпай каалганы каккылап кирип келишти. Бул окуя милицияга көө жаап, ички иштер органдарында реформа жүрбөй жатканын дагы бир жолу далилдеди.
Өлкөдө саясий абал кандай? Үй камагына чыккан Өмүрбек Текебаев кызыктуу билдирүүлөрдү жасады. Парламент дагы эки айлык тыныгуудан кийин ишке киришти. Эмгек өргүүсү үчүн 200, 300 миң сомдон алган депутаттар акыркы сессияда мыйзам чыгарабы же шайлоого даярданабы?
Сындан башы чыкпаган Гүлмира Кудайбердиева кызматтан кетти. Бирок билим берүү тармагындагы көйгөйлөр чечилип калган жок. Балдар темир контейнерде окуусун улантууда, катага толгон китептер колдонулууда.