Жумалык: Парламентте 10 жылда 7 коалиция түзүлгөн. Акыркы 10 жылга саресеп

1347

Шайлоо өтүп, депутаттар мандат алган соң, азыркы министрлер кабинети отставкага кетет. Анткени учурдагы коалициянын күчү жоголуп, жаңысы куралышы керек. Эсиңерде болсо Кубатбек Бороновдун өкмөтү бекитилип жатканда дээрлик ар бир экинчи депутат техникалык өкмөт экенин, шайлоого чейин эле иштерин айтып турушкан. Бирок тажрыйба көрсөткөндөй, парламент спикерди дагы, өкмөт башчыны дагы алмаштырбай коюшу мүмкүн. Бул аптада мурдагы өкмөт башчылар өз ара чогулушуп, болочоктогу өкмөт тууралуу талкуу уюштурушту.

Шайлоо жакындаган сайын көпчүлүктү кийинки премьер-министр ким болот деген маселе кызыктырууда. Экс-жетекчилер учурда жакшы кадрларды кармап калуу керек деп өздөрүн дагы эскерткендей болушту. Мурдагы премьер-министрлер шайлоого ат салышып жаткан партиялар тез арада кабыл алынууну талап кылган антикризистик программаларды сунуштаган жок деп өкүнүштү. Учурдагы кырдаалды эске алып, премьер-министрликке тажрыйбалуу, такшалган адамды коюш керек деген кеңештерин беришти.

Шайлоодо жеңип чыккан партиялар аксакалдардын кеңешин эске алышабы, айтуу кыйын. Бул чоң кызматты азыртадан мээлеп тургандар көп болсо керек. Эмнеси болсо дагы, шайлоо бүткөндөн кийин өлкөнү дагы бир чоң саясий окуя, көшөгө артындагы оюндар күтүп турганы шексиз. Кыргызстанда парламенттеги биринчи коалиция 2010-жылы апрель окуясынан кийин түзүлгөн. Ага чейин Жогорку Кеңеште альянс куроо керек деген түшүнүк жок болгон. Анткени бийликтин партиясы парламентте көп орунду ээлеп алып, каалагандай калчап келген. 2010 жана 2015-жылкы шайлоолордон кийин куралган коалициялар, алардын ыдырашынын себептери, өкмөттү куроодогу саясий оюндар…