Жумалык: Рак. Алинанын тагдыры. Рак – өлүмгө өкүм эмес! (видео)

2157

Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат деген ушу да. Илдет менен күрөшкөндөн көрө, аны алдын алуу натыйжалуу. 4-февралда дүйнөдө Рак дартына каршы күрөшүү күнү белгиленди. Эл аралык саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, барган сайын бул дартка чалдыккандар көбөйүүдө. Былтыр дүйнөдө 9 миллиондон ашык адам рактан каза тапкан. Алдыңкы 20 жылда илдет 60 пайызга чейин өсүшү ыктымал экен. Онкологиялык оорудан жабыркагандардын көбү жакыр өлкөлөргө туура келет. Расмий маалыматтарга караганда, азыр Кыргызстан боюнча 27 миң адам онкологиялык оруулардан жабыркайт. А билбей жүргөндөрү канча? Жыл сайын 5 миңдей киши залалдуу шишик менен каттоого алынып, алардын жарымынан көбү бир жылга жетпей каза болот.

Бирок, өсмө илдетин жеңгендер да бар. Дарыгерлердин айтымында, рактан айыгууга дарыдан мурда эң биринчи ишеним жана оптимисттик маанай жардам берет. Бул илдеттен дарылануу арзан эмес. Жана узак убакытты талап кылат. Онкологиялык оорудан жабыркагандардын ар кандай уюмдары бар. Ал жакта жаман кабарды уккандан кийин өзүн таштап салбай ооруга каршы күрөшүп, дарысына маңдай тери менен ачка тапкандар иштеп келишет. Аялдар чакан ишкана ачып, ар кандай буюм тайымдарды колго жасап сатып каражат табышат.