Жумалык: Унутта калган таланттар

1444

Жан дүйнө азыктандырылбай калган заманда акча роль ойноп, адамдар материалдык байлыктын артынан түшүп калышат, дейт учурунда классикалык чыгармаларды жараткандар. Азыр баалуулуктар башка болуп калган мезгил. Акча табуунун амалын ойлоп жатып, адамдардын жан дүйнөсү эңшерилүүдө. Коомдун көкүрөгү бош, ал эми ошол руханий боштукту жеңил-желпи баалуулуктар ээлеп калды. Чыгармачыл адамдардын, айрыкча ырчы бийчилердин ишмердиги базар экономикасынын шартына байланып, ачык эле шоу-бизнес деп аталып калды. Учурда суроо талап тойдо ырдалган чыгармаларга чоң.

Адам баласынын жан дүйнөсүн руханий жактан азыктандыруу милдети жазылбаган мыйзамдар боюнча маданият өкүлдөрүнө жүктөлгөн. Бирок алардын милдетин аткаруусуна шарт түзүлгөн эмес. Учурунда чыгармалары эл оозуна алынып, эл аралык фестивалдарда сыйлыктарга ээ болуп, не деген кереметтерди жараткан айрым инсандарыбызга көңүл бурулбай калганы өкүндүрбөй койбойт. Күнүмдүк эмес, түбөлүктүү баалуулук деп жүрүп, өздөрү көз жаздымда калган улуу таланттар…