Жумгалда мушташтан каза болгон баланын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

1203

Жумгал районунда мушташтан кийин каза болгон баланын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Нарын областтык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, Кызыл-Жылдыз менен Беш-Терек айылдарынын 8-классынын окуучулары волейбол ойноп жатып мушташа кетишкен. Анын кесепетинен, 14 жаштагы бала каза тапкан.

Бул боюнча “адамдардын тобу тарабынан саламаттыкка атайын оор залал келтирилип, байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген” деген берене менен кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.