Жумгалдагы жана Ноокаттагы жолдор качан салынып бүтөт? (видео)

4370

Кыргызстанда чет элдик донорлордун эсебинен жол салуу уланууда. Ош-Исфана жолунун Ноокат районундагы тамтыгы чыккан бөлүгү Япония өкмөтү берген 50 миллион доллар каражатка оңдолот экен. Нарындагы Кочкор менен Жумгал райондорун бириктирген Эпкин-Дыйкан тилкесин ремонттоо дагы сырттан алынган насыянын эсебинен ишке ашат.

Дагы бир кредит багытталган Бишкек-Кара-Балта жолу болсо салынып жатканына 5 жылга чукулдап, бүткөрүлбөй жатат. Айдоочуларды азапка салган трассанын курулушу быйыл толук аягына чыгат деп убадаланууда.