Жумуш учурунда каза болгондор (видео)

1263

Быйыл Кыргызстанда иш учурунда 70тен ашуун адам кырсыкка учураган. Алардын арасында жашы жете элек өспүрүмдөр дагы бар. Бул тууралуу Кыргызстан профсоюздор федерациясы уюштурган «Ачык эшиктер күнүндө» айтылды. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, өлкөдө ишканалардын 50 пайызы көмүскөдө иштейт.

Мындай объектилерде көпчүлүк учурларда кызматкерлердин укугу сактала бербейт. Андыктан жумушка орношкон киши өз укугун коргоого өзү кызыкдар болууга тийиш, дешет адистер. Бул үчун эмгек келишимин түзүп, мыйзамдын негизинде иштөөнүн жол-жоболорун билүү керек.