“Жунхай” базарындагы дары саткан жайма базары жабылды (видео)

2047

Саламаттыкты сактоо министрлиги базарларда дары-дармекти мыйзамсыз саткандарга каршы күрөштү баштады. Финансы полициясы менен биргеликте жүргүзүлгөн бул жолку текшерүү Жунхай базарында болду. Анда сапаты күмөн жараткан, түшүнүксүз препараттарды эч уруксаты жок кардарларга сунуштаган соода жайлары жабылды.

Ал эми ал жактан алынган дарылар экспертизага жөнөтүлдү. Буга чейин деле ушундай рейддер өткөрүлгөн. Бирок мыйзамсыз ишкерлик кылгандар кайра эле соодасын улантып келет.