Жүргүнчү айымды сабаган айдоочу сурак берди (видео)

660

Жүргүнчү аялга кол көтөргөн Бишкек — Кара-Балта каттамы боюнча жүргөн маршруттук таксинин айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй областтык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады. Чоң муштум айдоочу Чүй областынын Москва райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Анын унаасы айып аянтчасына коюлду.

58 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну убактылуу кармоочу жайында тергөөчүлөргө көрсөтмө берип жатып, жүргүнчү аялга кылган орой мамилесин мойнуна алып, андан кечирим сурады. 1-октябрда Бишкек — Кара–Балта каттамындагы №302-маршрутканын ичинде болгон айдоочу менен жүргүнчүнүн жаңжалы тартылган видео интернетте жарыяланган. Ал тасмадан унаанын айдоочусу аялга кол көтөргөнүн көрүүгө болот.