Жүргүнчү ташуучуларга көзөмөл күчөйт (видео)

721

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылгандар өлкөнүн алыска аймактарына каттаган айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзө башташты. Жол сакчылары Бишкектин Батыш автобекетиндеги жана Кулиев, Павлов көчөлөрүндө турган Бишкек-Ош багыты менен каттаган таксилердин айдоочулары менен жолукту.

Техникалык көзөмөлдөө кызматынын адистери машинелер керектүү жабдыктар менен камсыздалганын текшерип, унаа ээлерине эскертүү беришти. Себеби жыл башынан бери эле стартегиялык автотрассаларда аварияларда каза тапкандардын саны онго жетти.