Жүргүнчүлөрдөн түшкөн 2 млн кимдин чөнтөгүнө кетти? (видео)

636

Жүргүнчүлөрдү поездге билети жок отургузуп, андан түшкөн 2 миллион сомдон ашуун кимдин чөнтөгүнө түшүп турган? Транспорт прокуратурасы «Кыргыз Темир Жолу» ишканасындагы жаңы коррупциялык схеманын бетин ачты. Анда эл аралык каттамдарда билети жок ортомчулар аркылуу миңдеген жүргүнчүлөр ташылып, бирок алардын акчасы мекеменин кассасына түшпөгөнү аныкталган.

Учурда бул ишти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тергеп жатса, Транспорт министрлигинин комиссиясы да текшерип жатыптыр. Адистердин пикиринде, билет махинациялары мекемедеги мыйзамсыз иштердин чети гана. Укук коргоо органдары сатып алуулар өткөрүлгөн тендерлерди текшерип чыгуусу керек, дешет активисттер.